Редакцияот 19.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 19-майы № 73

Жер участогун которуу(трансформациялоо) жөнүндө

 

      Айдаралиев айылдык аймагына караштуу “Көпүрө-Базар чек ара постунун” башчысы   Т. Шербековдун арызын  карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндө “Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “жер участокторун которуу(трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып  Айдаралиев айылдык Кеңеши

 

 

                                                       ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Айдаралиев айыл аймагында  “Чек ара постун” куруу үчүн Айдаралиев айылдык аймагында “Чырканак” жер участогунда жайгашкан №116 контурундагы жалпы аянты 0.20 га жер тилкесин “Запастагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер  түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга  (трансформациялоого) макулдук берилсин;

2. Жерлерди бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо менен байланышкан иштерди каржылоо, арыз ээсинин эсебинен жүргүзүлсүн;

3. Жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык которуу боюнча тиешелүү корутундуларды алуу үчүн иш кагаздарды жана Талас райондук жер комиссиясына сунушту даярдоо жагы Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э. Батыровага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Темир уулу Беккул