Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 3-ноябры № 88

Административдик-аймактык реформаны  ишке ашыруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Айдаралиев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы

                                                      

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгынын иш-чарасы колдоого алынсын.

2. Административдик- аймактык реформада белгиленген Айдаралиев ,Арал жана Кууганды айыл аймактарын бириктирип, Арал айылын административдик борбор деп аныктоо боюнча элдин каршы экендиги белгиленсин.

3. Арал,Кууганды жана Айдаралиев айыл аймагы болуп бириктирилсе, Көпүрө-Базар айылы административдик борбору болууга сунушталсын.

Төрага

Темир уулу Беккул