Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-сентябры № 51/XI
Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн
келишим түзүү жөнүндө
“Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715- токтомуна ылайык, ”Жайылма айыл аймагында калкты каттоо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн келишимин түзүү максатында, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылма айыл аймагында калкты каттоо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевге жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |