Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-сентябры № 52/XI
Мектептин ашканасын капиталдык оңдоого акча каражатын
бөлүп берүү жөнүндө
“Чоң-Далы айылындагы К.Маликов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин мүдүрүнүн арызынын негизинде, айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевдин маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Маликов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин ашканасын капиталдык оңдоого 455975,0 сом жана территориясын көрктөндүрүү үчүн 1306107,0 сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |