Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-сентябры № 54/XI
Айылдык кеңештин 18.07.2025-жылдагы
№ 36 - VIII- токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жайылма айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ишине стимул берүү максатында сыйлыктарды берүү зарылдыгы жөнүндө маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 18.07.2025-жылдагы № 36 - VIII- токтомунун 1-пунктуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин; эркин калдыктын эсебинен каралган акча каражаттары 70111 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр" бөлүмү боюнча 721,8 миң сом суммасына Жайылма айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин сыйлоого жиберилсин, анын ичинде 2111 "Эмгек акы"-615,6 миң сом жана 2121 "Социалдык фондго төгүмдөр" беренеси боюнча - 106,2 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевге жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |