Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-сентябры № 55/XI
Муниципалдык жер участогун ижарага берүү жөнүндө
Туз айылында 2025-жылдын 9-сентябрында өткөрүлгөн чогулуштун №4 протоколунун негизинде, айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевдин маалыматын угуп, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айылындагы Тентишев көчөсүнүн номери жок дарегинде жайгашкан дан сактоочу жайдын аймагынын бир бөлүгүн өндүрүштүк максаттар үчүн конкурс (аукцион) өткөрүү жолу менен ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |