Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-сентябры № 56/XI
2025-жылга бекитилген бюджеттин киреше
жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө
Ашыкча түшкөн кирешелерге байланыштуу бюджеттин киреше бөлүгүн атайын эсеп боюнча 20115,0 миң сомго көбөйтүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атайын эсеп боюнча бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жолу менен көбөйтүү анын ичинде түрлөрү боюнча:
l Салык агенти тарабынан 17000,0 миң сом суммасындагы киреше салыгы;
l Жашоого арналбаган имараттар жана жайлар үчүн мүлк тарабынан 250,0 миң сом суммасындагы киреше салыгы;
l Айыл чарба багытында эмес жерлерди 2865,0 миң сом суммасына сатуу.
2. Бюджеттин чыгаша бөлүгүн бөлүмдөр боюнча көбөйтүү:
l 70629-ТЖК чарба бөлүмү боюнча жолдун үстүнкү кум шагылын оңдоого 2221-беренеге ылайык 4500,0 миң сом; 3111-берене боюнча трансформатор сатып алуу жана орнотуу үчүн 1 328,6 миң сом; 3112-беренеге ылайык жүк ташуучу унаа сатып алуу үчүн 3217,3 миң сом.
l 70921-“Мектеп” бөлүмү боюнча 3111-беренесине ылайык №2 Н.Баранов ат. жана №4 орто мектептери үчүн чатыр курууга 8241,7 миң сом; 2215-берене боюнча төш белгилерди сатып алууга 500,0 миң сом; 3111- беренеге ылайык 4 бөлүктөн турган ажаткана орнотууга 1028,7 миң сом; 3111-берене боюнча тамак-аш сактоого контейнер сатып алууга 250,0 миң сом.
l 70823-“Клуб”бөлүмү боюнча 3111-беренеге ылайык 4 бөлүктөн турган ажаткана орнотууга 1028,7 миң сом.
l 70911-“Бала-бакча бөлүмү” боюнча 2221-беренеге ылайык №5 “Алтын Балалык” МЧББУ ашкана бөлүгүн оңдоого 20,0 сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |