Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-сентябры № 57/XI
2025-жылга бекитилген бюджеттин беренелериндеги
үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109, 115-беренелеринин негизинде, айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевдин 2025-жылга бекитилген бюджетинин беренелери боюнча болгон калдыктар тууралуу маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттик каражаттарды өздөштүрүү, ошондой эле айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин чечүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысына бюджеттик чыгымдардын экономикалык классификациясынын статьяларынын ортосунда бюджеттик каражаттардын жалпы бөлүнүштөрдүн чегинде бюджетти аткаруу процессинде акча каражаттарын кайра бөлүштүрүү укугу берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевге жана ФЭБнүн башчысы З.Б.Акаевага жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |