Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-октябры № 59/XII
АЖМФ жерлерин берүү боюнча жер комиссиясынын
курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө” типтүү жобонун 22-пунктуна ылайык, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АЖМФ жерлерди берүү боюнча жер комиссиясынын 7 кишиден турган курамы бекитилсин;
l У. Биримкулов - жергиликтүү кеңештин депутаты.
l А. Бешова - жергиликтүү кеңештин депутаты.
l Н. Жонгучкаев - жергиликтүү кеңештин депутаты.
l К. Бегалиев - Чон-Далы айылынын башчысы.
l А. Джумалиева - Туз айылынын башчысы.
l Т. Ногоев - айыл өкмөт башчысы.
l Н.Ченыбаева - Ысык-Ата РАӨБнүн өкүлү.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |