Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-октябры № 61/XIII
Бала бакчага капиталдык оңдоп түзөө жана электр менен
камсыздоо иштерин 2026-жылдын СЭӨ Планына киргизүү жөнүндө
Туз айылындагы “Алтын Балаты” бала бакчасына капиталдык оңдоп түзөө жана электр менен камсыздоо иштерин 2026-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү Планына киргизүү жөнүндө ФЭБнүн башчысы Д.Муратбек кызынын маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айылындагы “Алтын Балаты” бала бакчасына капиталдык оңдоп түзөө жана электр менен камсыздоо иштерин 2026-жылдын СЭӨ Планына киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Жалпы 23 188 363 сом суммасынан 50% биргелешкен салым үчүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 11 594 181,5 сом акча каражат бөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |