Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-октябры № 62/XIII
Жол куруу иштерин жүргүзүү убагында
курулуш машиналарын жана жабдууларын жайгаштыруу үчүн
жер тилкесин берүү жөнүндө
Жол куруу иштерин жүргүзүү убагында курулуш машиналарын жана жабдууларын жайгаштыруу үчүн Жайылма айыл аймагынын №253 контурунда жайгашкан, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы”, “жайыт” жер тибине кирген 1,5 гектар жер тилкесин берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жол куруу иштерин жүргүзүү убагында курулуш машиналарын жана жабдууларын жайгаштыруу үчүн Жайылма айыл аймагынан жер тилкесин берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |