Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз XII сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 12/5
Баетов айыл аймагына жарык диоддуу экран орнотууга “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан долбоордун электр энергиясына кетирилген чыгымынын өздүк салымына акча каражатын бөлүү жөнүндө.
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз XII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын борбордук көчөлөрүнө LED (жарык диоддуу) экран орнотууга “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан долбоорго жер аянттарын бөлүп берүү, зарыл болгон документтик иш кагаздарын даярдоо, орнотуу, эксплуатацияга берүү жана электр энергиясын кошуу өздүк салым катары көрсөтүлсүн.
2. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Ч. Азимжанов |