Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезектүү XIII сессиясы
2025-жылдын 31-октябры №13/2
Баетов айыл аймагындагы бала бакчалардын тамак ашына ата энелер тарабынан төлөнүүчү төлөм акынын баасын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 Билим берүү жөнүндө Мыйзамына ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезектүү XIII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылындагы “Тынчтык”, “Жаш балаты”, “Жаш Тилек”, “Алтын муун Наристе”, “Ай-Зуура”, бала бакчасынын тамак ашка ата энелер тарабынан төлөнүүчү төлөм акынын баасы 1300 (бир миң үч жүз сомдон) жана “Терекке береке”, “Айдос”, “Байгөнчөк-келечек”, “Чолпон” бала бакчасынын тамак ашка ата энелер тарабынан төлөнүүчү төлөм акынын баасы 1100 (бир миң бир жүз сомдон) бекитилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү регламент, депутаттык этика, жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ч. Азимжанов |