Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-октябры № 53/8-29
Айыл чарба багытындагы жер тилкесин Сын-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык
менчигине өткөрүп алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын негизинде, "Муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык, 07.10.2025-жылдагы К.А.Сатыгуловдун кайрылуусун карап чыгып, Сын-Таш айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.А.Сатыгулов тарабынан өз убагында 49 жылга убактылуу колдонууга берилген №66-контурдагы 18 (он сегиз) га айыл чарба багытындагы жер тилкеси, өз каалоосу менен баш тартканына байланыштуу, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын;
2. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановго жогоруда көрсөтүлгөн мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү жана мүлктү белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн балансына киргизүү милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Сын-Таш айыл кеңешинин жер суроолору боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
М.Ш.Кучкачев |