Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-октябры № 52/8-29
"Медия Эксперт" жоопкерчилиги чектелген коомуна (ЖЧК) чопо казуу үчүн жер
тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү жана ижара акысынын өлчөмүн бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Жерди пайдалануу жана ижара акысынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна жана "Медия Эксперт" ЖЧКсынын кирпич заводунун ишинин маанилүүлүгүн эске алуу менен, Сын-Таш айыл кеңеши токтом кылат:
1. "Медия Эксперт" жоопкерчилиги чектелген коомуна кирпич даярдоо үчүн чопо казып алуу максатында, 592-593 контурларындагы жер тилкесинен 10 (он) гектар өлчөмүндөгү жерди убактылуу (ижарага) пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин убактылуу пайдалануу (ижара) үчүн жылдык акынын өлчөмү бир гектар жер үчүн 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. "Медия Эксперт" ЖЧКсы менен Сын-Таш Таза аймак муниципалдык ишканасынын ортосунда ушул токтомдун негизинде Жерди убактылуу пайдалануу (ижара) келишими түзүлсүн. Келишимде жерди пайдалануу шарттары, рекультивация милдеттери, ижара акысын төлөө тартиби жана мөөнөттөрү так көрсөтүлсүн.
4. Сын-Таш айыл өкмөтү башчысы К.Асанов ушул токтомдун аткарылышын, Жер кодексинин талаптарынын жана түзүлгөн келишимдин шарттарынын сакталышын көзөмөлгө алсын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгында мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
6. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл кеңешинин жер суроолору боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
М.Ш.Кучкачев |