Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-октябры № 51/8-29
Сын-Таш айыл аймагынын 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгүн тактоо
жөнүндө
Сын-Таш айылдык кеңешинин 29-чакырылышынын 8-сессиясы Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин аткарылышын талкуулап, Мамлекеттик айыл чарба жер фондусу (ГФСУ) жерлеринин ижарасынан түшкөн кирешелер боюнча мурдагы жылдарда кетирилген каталарды оңдоо зарылдыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизиндеСын-Таш айыл кеңеши токтом кылат:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин "Мамлекеттик айыл чарба жер фондусунун жерлерин ижарага берүүдөн түшкөн киреше" бөлүгүндө 2023-жылдагы өндүрүлбөй калган дебитордук карыз катары эсептелген 2662,4 (эки миң алты жүз алтымыш эки миң төрт жүз) миң сом суммасы эки жолу кирип калгандыгы белгиленсин.
2. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы көлөмүн өзгөртпөстөн, кирешенин булактары боюнча төмөнкүдөй ички которуу (корректировка) жүргүзүлсүн:
Ø Мамлекеттик айыл чарба жер фондусунун жерлерин ижарага берүүдөн түшкөн кирешеси 2662,4 миң сомго кыскартылсын.
Ø Бул кыскартылган 2662,4 миң сом суммасы Киреше салыгына которулуп, бюджеттин киреше бөлүгү теңделсин.
3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысынын милдетин аткаруучусу Ф.Ысманалиевага жүктөлөт.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
М.Ш.Кучкачев |