Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) добуш берүү үчүн жайларды жана шайлоо жабдууларын даярдоо тартибин, шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштуруу жана өткөрүү, анын ичинде инновациялык технологияларды пайдалануу тартибин, шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын добуштарын саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда коопсуздукту камсыз кылуу тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жобонун максаты Кыргыз Республикасында эркин, адилеттүү, ачык-айкын жана калыс шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, ошондой эле шайлоочулардын эркин билдирүүсүн объективдүү каттоону камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоолордун натыйжаларын аныктоо болуп саналат.
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (мындан ары - конституциялык Мыйзам), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Добуш берүү процессине даярдык көрүү боюнча уюштуруу чаралары. Добуш берүү үчүн жайдын жабдылышына карата негизги талаптар
4. Добуш берүү процессин уюштуруу шайлоо комиссияларына жүктөлөт. Шайлоо комиссиялары өз ыйгарым укуктарынын чегинде добуш берүү үчүн жайларды даярдашат, аларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылышат, добуш берүүнү, анын ичинде инновациялык технологияларды колдонуу менен добуш берүүнү, уюштурушат жана добуштарды саноону жүзөгө ашырышат.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, уюмдар жана ишканалар добуш берүү процессин даярдоого жана өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүшөт.
5. Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү тутумун төмөнкүлөр түзөт:
1) Борбордук шайлоо комиссиясы;
2) округдук шайлоо комиссиялары;
3) аймактык шайлоо комиссиялары;
4) участкалык шайлоо комиссиялары.
Шайлоо комиссияларынын укуктук абалы, уюштурулушу жана иш тартиби, ошондой эле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери мыйзамдарда белгиленет.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде:
- керектүү жабдууларды, транспортту жана телефондоштурулган жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөрдү, автоматтык эсептөөчү урналарды стенддерди, үкөктөрдү, добуш берүү үчүн кабиналарды ж.б.) жана шайлоо документтерин жогору турган шайлоо комиссиясына же болбосо архивге өткөрүп бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, ошондой эле аларды күзөтүүнү камсыз кылууга;
- маалыматтарды жана материалдарды берүүгө, ошондой эле шайлоо комиссияларынын шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылууларына шашылыш түрдө, маселени кошумча иликтөө же текшерүү жүргүзүү зарыл болгон учурда - үч күндүн ичинде, ал эми добуш берүү күнү жана эртеси күнү - дароо жооп берүүгө милдеттүү.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер, башка коммерциялык эмес уюмдар жана юридикалык жактар шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан керектүү маалыматтарды жана материалдарды шайлоону даярдоонун жүрүшүндө эки жумушчу күндүн ичинде, ал эми добуш берүү күнү жана эртеси күнү дароо берүүгө милдеттүү.
Көрсөтүлгөн талаптарды аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет.
6. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары добуш берүүнү өткөрүү үчүн жайларды участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна акысыз негизде беришет.
Участкалык шайлоо комиссиясынын номери, иштөө режими көрсөтүлгөн белгилер участкалык шайлоо комиссиясынын жайы жайгашкан имараттын сырткы кире беришине орнотулат.
Добуш берүү үчүн жайлар өрт коопсуздугунун талаптарына жана санитардык нормаларга жооп бериши, шайлоочулар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылышы керек жана, эреже катары, бөлмөгө өзүнчө кирген жана чыккан жери болушу керек.
Жарыктандыруу тутуму менен жабдылган добуш берүү үчүн жайда жазуу буюмдары менен камсыздалган атайын жабдылган кабиналар орнотулат, ошондой эле мониторлор, видео-тартуу каражаттары, башка керектүү жабдуулар, принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр жана автоматтык эсептөөчү урналар жайгаштырылат.
Жарыктандыруу тутумунда энергиянын альтернативалык булактары, анын ичинде резервдик электр генераторлору, чырактар жана шамдар болушу керек. Электр жарыгы өчүрүлгөн учурда добуш берүү (негизги же альтернативалык булактын эсебинен) кайра калыбына келтирилгенге чейин токтотулат.
Электр энергиясы менен жабдууну калыбына келтирүү энергиянын резервдик (анын ичинде генератордук) булактарын колдонуу менен дароо камсыз кылынат. Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натыйжалуу байкоо жүргүзүү максатында байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү автоматтык эсептөөчү урналардан, добуш берүү үчүн кабиналардан шайлоо комиссиясынын аракеттерин, алардын функцияларын аткаруусун толук көрүүнү камсыз кылган аралыкта болууга укуктуу.
Добуш берүүнү кайра баштоо жарык калыбына келтирилгенден кийин токтоосуз түрдө ишке ашырылат.
Добуш берүү үчүн жай принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр, кабиналар, мониторлор, автоматтык эсептөөчү урналар, мониторлор, видео-тартуу каражаттары жана башка жабдуулар шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын көз алдында бир эле учурда көрүнүп тургандай болуп жабдылууга тийиш.
Добуш берүү үчүн жайда технологиялык жабдуулар менен катар жазуу столдору, отургучтар, сейф же металл шкаф, басып чыгаруу үчүн материалдар, принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр, автоматтык эсептөөчү урналар жана шайлоо документтери, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана кеңсе буюмдары болууга тийиш.
Шайлоочулардын алфавиттин тамгалары көрсөтүлгөн белгилер шайлоочулардын тизмелери менен иш алып барган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн артындагы дубалга же болбосо столдорго коюлат.
7. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайында, ошондой эле округдук жана аймактык шайлоо комиссияларынын жайларында добуш берүү башталганга чейин аныкталганына жараша маалыматтарды этап-этабы менен киргизүүгө арналган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган формасы илинет.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол тактыкты талап кылган олуттуу документ болуп саналат. Протоколдун формасы, коргоо даражасы, ошондой эле участкалык, округдук жана аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорду толтуруу тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.