Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-сентябры №46/7-29
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги эсебинин киреше
бөлүгүн азайтуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы № 1 Жарлыгына ылайык, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин негизги эсебинин киреше бөлүгүн 4598,6 миң сомго азайтууну карап жана талкуулап Сын-Таш айылдык кенеши,
Токтом кылат:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджеттин киреше бөлүгүн 4598,6 миң сомго төмөнкү элементтер боюнча азайсын:
-113121 - Транспорт каражаттарына салык - 1743,0 миң сом.
-11321200 - Айыл чарба багытындагы жерлерге салык - 2855,6 миң сом.
2. Жергиликтүү бюджеттин негизги эсебинин 2025-жылга карата чыгаша бөлүгүн 4598,6 миң сомго азайсын:
-Турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү 70629 - 3111-берене - Имараттар жана курулуштар - 1598,6 миң сом.
-Мектеп бөлүмү 70921 - 3111-берене - Имараттар жана курулуштар - 3000,0 миң сом.
3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысынын милдетин аткаруучу Ф.Ысманалиевага жүктөлөт.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
М.Ш.Кучкачев |