Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-сентябры №43/7-29
Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын
аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Сын-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сын-Таш айыл аймагында төмөнкү тартип белгиленсин:
- жумушчу күндөрү (иш күндөрү) саат 22:00дөн 07:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга тыюу салынсын;
- эс алуу жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин;
- өзгөчө учур – 31-декабрдан 1-январга караган түнү – саат 04:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилет.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин:
- калк арасында, диний уюмдарда, кафелерде, ресторандарда, маданий мекемелерде жана ишкерлер арасында «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамдын талаптарын түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөдө аймактык милиция инспекторлору менен кызматташтыкты күчөтүшсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, этика жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Ш.Кучкачев |