Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СЫН-ТАШ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-июлу № 42/6-29
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша
бөлүктөрүн 2025- жылга карата жарым жылдык (6 ай) аткарылышы
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесине ылайык, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Д.Асановдун 2025-жылга карата, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн жарым жылдык (6 ай) маалыматын угуп жана талкуулап, Сын-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылдын жарым жылдык маалыматы эске алынсын.
2. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылдын жарым жылдын аткарылышы боюнча отчету кабыл алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
М.Ш.Кучкачев |