Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-июлу № 41/6-29
“Сын-Таш-Таза аймак” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөргө болгон
тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, “Сын-Таш-Таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору Н.Чоткараевдин кайрылуусунун негизинде жана Сын-Таш айыл аймагынын санитардык абалын жакшыртуу максатында, Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. “Сын-Таш-Таза аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан түзүлгөн кызмат көрсөтүү үчүн төлөм акылары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү “Сын-Таш-Таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору Н.Чоткараевге жүктөлөт.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
М.Ш.Кучкачев |