Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-июлу № 40/6-29
Ирригация системаларын тактоо жана аныктоо боюнча жумушчу комиссия түзүү
жөнүндө
Азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналган суу пайдалануучулардын суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык, Сын-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сын-Таш айыл аймагындагы “Сын-Таш Таза аймак” муниципалдык ишканасынын менчигинде турган, ошондой эле ээси жок ирригациялык системаларды тактоо жана аныктоо боюнча төмөнкү курамда жумушчу комиссия түзүлсүн:
- Суюмкулов Бактияр Анварбекович айылдык кеңештин депутаты;
- Белалов Руслан айылдык кеңештин депутаты;
- Кучкачев Мелисбек Шаршенбекович айылдык кеңештин депутаты;
- Чоткараев Нуралы Темирболотович муниципалдык ишкананын директору;
- Кубандык уулу Адилет сын-Таш айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Сын-Таш Таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору Н.Чоткараевге тапшырылсын.
Төрага: | М.Кучкачев |