Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-июлу № 38/6-29
Жер салыгын эсептөөнүн зоналдык коэффицентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 беренесинин 2 пунктуна ылайык “Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында нарктык зоналардын чектери, ошондой эле турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн зоналык коэффициент Кз 0,3төн 2ге чейинки өлчөмдө жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет”, ошондой эле “Жергиликтөө мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын34,39-беренелерине ылайык, Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл аймагында 2025-жылга, айыл чарба багытында эмес жерлерди колдонуу үчүн жана жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрүнө жер салыгынын өлчөмдүү коэффиценти КЗ 1,5 өлчөмдө аныкталсын .
2 .Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановго жүктөлөт.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
М.Кучкачев |