Редакцияот 05.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз 5-сессиясы

 

2025-жылдын 5-февралы № 5-9

 

Бел айылдык кеңешинин 2025-жылга карата жылдык иш-планын бекитүү жөнүндө

 

Бел айылдык кеңешинин 2025-жылга карата түзгөн иш-планын туруктуу комиссия карап чыгып талкуулап, аткарылуучу иштердин мазмуну менен таанышып айылдык кеңеш токтом кылат:

 

1. Бел айылдык кеңешинин 2025-жылга карата түзгөн иш-планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2.Бекитилген иш-пландын так жана сапаттуу аткарылышын касыз кылуу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “ мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура,курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

 

М. Ураимов