Редакцияот 09.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 4-сессиясы

 

2025-жылдын 26-январы № 4-02

 

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн “Кок-Бел

берекеси”муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджети жөнүндө

 

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн “Көк-Бел берекеси” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга даярдалган бюджет долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын негизинде Көк-Бел айылдык кеңеши  токтом кылат:

 

1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн “Көк-Бел берекеси” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга даярдалган бюджет долбоорунун киреше жана чыгаша бөлүктөрү 2 254 600 (эки миллион эки жүз элүү төрт миң алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бюджеттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылышы “Көк-Бел берекеси” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Жороевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М. Айткулов