Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куу-Майдан айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
10-сессиясы
15.08.2025 №10-1
Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 16-январындагы айылдык кеңештин№3-4 токтому менен бекитилген бюджетинин алты айлыкта аткарылышынын абалы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн алты айлык бюджетинин аткарылышынын абалы жана айылдык кеңештин 2025-жылдын 16-январындагы №3-4 токтому менен бекитилген бюджетине тактоолорду жүргүзүү тууралуу айыл өкмөтүнүн жана туруктуу комиссиянын берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын
20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун
2 жана 17-пунктчаларына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн алты ай ичинде аткарылган иштер боюнча берген отчету канаттандырарлык деп табылсын.
2.Айылдык кеңештин 2025-жылдын 16-январындагы №3-4 токтому менен бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тактоолорду, толуктоолорду жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Куу-Майдан айылындагы Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин 2006-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн турмуш шарты оор, жалгыз бой, үч баланын энеси классташтары Мадаева Акмөөргө үй салып берүү демилгээсин колдоого алып, айыл өкмөтүнөн үй салуу үчүн мыйзам чегинде жер таап берүү жагы суралсын.
4.Арбын айылынын тургундары Икрамов Максатбек, Тилебалды кызы Гүлжамал, Курбанкулов Бактыярлардын баш калкалап жашоо үчүн 3-4 сотых болсо да жер таап берүү тууралуу суранган арыздарын мыйзам чегинде чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исабаева Орозгүлгө жүктөлсүн..
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |