Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куу-Майдан айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
10-сессиясы
15.08.2025 №10-2
“Ак-Чабуу Нуру” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө
“Ак-Чабуу Нуру” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу тууралуу ата-энелердин суроо-талаптарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»
2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин
2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.“Ак-Чабуу Нуру” балдар бакчасына кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
2.Керектүү иш-кагаздарын даярдап, билим берүү бөлүмүнө тапшыруу жагы балдар бакчасынын башчысы Абдылда кызы Кларага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка тапшырылсын.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |