Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
10-сессиясы
15.08.2025 №10-3 Куу-Майдан айылы
Кеңеш айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы Ош-Ноокат автожолунун жээгиндеги №21,25 контурларындагы 2,0 га жана №51,52 контурларындагы 1,50 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери категориясынан “Өнөржайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы Ош-Ноокат автожолунун жээгиндеги №21,25- контурундагы 2,0 га жана №51,52-контурундагы 1,50 га жер аянтын“Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндөгү Кеңеш айыл өкмөтүнүн сураныч катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кеңеш айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы Ош-Ноокат автожолунун жээгиндеги №21,25- контурундагы 2,0 га жана №51,52-контурундагы 1,50га жер аянтын бюджетти көтөрүү, иш ордун түзүү жана соц.пакет толтуруу максатында өндүрүштүк ишкана куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жороев Бакытбек Насиркуловичке тапшырылсын.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |