КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
10-сессиясы
15.08.2025 №10-4 Куу-Майдан айылы
Дары-Булак айылындагы “Дары-Суу” орто мектебинин жерине
жеңил конструкциядагы жабык түрдөгү кичи спорттук аянтча курууга макулдук берүү жөнүндө
Дары-Булак айылындагы “Дары-Суу” орто мектебинин жерине жеңил конструкциядагы жабык түрдөгү кичи спорттук аянтча курууга уруксат сурап кайрылган Дары-Булак айылынын жаштар жамаатынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1,5-пунктчаларына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Дары-Булак айылындагы “Дары-Суу” орто мектебинин 0,04 га жерине айылдын жаштар жамаатынын демилгеси менен мектеп окуучулары жана айылдын жаштары пайдалануу үчүн жеңил конструкциядагы жабык түрдөгү кичи спорттук аянтча курууга макулдук берилсин.
2.Мыйзамдын чегинде жерин карап, документештирип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жороев Бакытбек Насиркуловичке тапшырылсын
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |