Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
10-сессиясы
15.08.2025 №10-5 Куу-Майдан айылы
Арбын жер жана лоток каналдарын толугу менен мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүү жөнүндө
Арбын жер жана лоток каналдарын толугу менен мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүү тууралуу айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, 2024-жылдын 29-апрелиндеги КРнын министрлер кабинетинин №207-токтомуна, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Арбын жер жана лоток каналдарын толугу менен мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жороев Бакытбек Насиркуловичке тапшырылсын.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |