Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз
9-сессиясы
06.08.2025 №9-1 Куу-Майдан айылы
Кеңеш айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсынан кызматтык автоунаа алуу жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында, айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан «Шевролет-треккер» кызматтык автоунаасын лизинг аркылуу алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 238 тескемесин аткарууга алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кеңеш айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан лизинг аркылуу кызматтык автоунаа «Шевролет-треккер» алууга макулдук берилсин.
2.Кызматтук автоунаа алууга тиешелүү иш кагаздарын, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүүнү жана лизингдик милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарууга алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы А.К.Абдылдаевке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Т.Мадраимовко милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Исабаева Орозгүлгө тапшырылсын.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |