Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз
8-сессиясы
26.06.2025 №8-1 Куу-Майдан айылы
Кеңеш айыл аймагындагы кум-шагал, чопо топурактарын казып алууга күбөлүк берилген жер аянттарынын жана муниципалдык менчиктеги жерлердин ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагындагы кум-шагал, чопо топурактарын казып алууга күбөлүк берилген жер аянттарын, муниципалдык менчиктеги мобильдик байланыштар орнотулган жерлерди жана ЖБИ чыгаруучу кичи ишкананын жерлерин ижаралоодо ижара акысын бекитип берүү тууралуу жер комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кеңеш айыл аймагындагы кум-шагал, чопо топурактарын казып алууга күбөлүк берилген жер аянттарынын ижара акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө: майдалагыч орнотуу менен кум-шагал, чопо топурактарын казып алуу үчүн берилген 1 га жер аянтынын ижара акысы бир айга 15000 (он беш миң) сом, ЖБИ чыгаруучу кичи ишкананын 1 га жер аянтынын ижара акысы бир айга 50 000(элүү миң) сом, муниципалдык менчиктеги мобильдик байланыштар орнотулган жерлердин ижара акысы бир айга 10 000 (он миң) сом деп бекитилсин.
2.Майдалагычтарды жана ЖБИ ишканасын ижаралоодо кыш мезгилдеринде үч айлык каникулу эске алынып, тактап айтканда 1-декабрдан 1-мартка чейин ижара салыгынан бошотуу жагы каралсын.
3.Мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Исабаева Орозгүлгө тапшырылсын.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |