Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз
8-сессиясы
26.06.2025 №8-2 Куу-Майдан айылы
Айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын курамын бекитип берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн алдында 2025-жылдын 18-июнундагы №142 токтому менен түзүлгөн жер аянттарына менчик укуктарды түз берүү жана аукциондо сатуу, жерлерди ижарага берүү боюнча конкурстарды өткөрүү комиссиясынын курамын талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына жана Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун 3-бөлүмүнүн 22-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясынын төмөндөгүдөй курамы бекитилип берилсин:
Жороев Бактыбек-айылдык кеңештин депутаты, жер комиссиясынын төрагасы
Исаев Жеңишбек-айыл өкмөтүнүн башчынын орун басар-жооптуу катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары Абдырахманова Зулфия-айыл өкмөтүнүн башкы адиси, комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү
Ибирайым уулу Канатбек-жер маселелери боюнча жетектөөчү адис
Камбаров Нурсланбек-айылдык кеңештин депутаты
Абдүрөшүт уулу Ысмайыл-жер маселелери боюнча адис
Сапар уулу Бакыт-Куу-Майдан,Чегеден, Байыш айылынын айыл башчысы
Карыбеков Нурлан –Шаңкол, Дары-Булак, Ак-терек айылынын айыл башчысы Абдикарим кызы Рахима-айылдык кеңештин депутаты
Осмонов Муктарбек-жетектөөчү адис юрист
Кадырбердиев А-кирешелер боюнча жетектөөчү адис
Ташполот уулу Бексултан-башкы адис
Адилов Б-Арбын, Батуу айылынын айыл башчысы.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жороев Бактыбек Насиркуловичке тапшырылсын.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |