Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз
8-сессиясы
26.06.2025 №8-3 Куу-Майдан айылы
Арбын айылынын тургуну Шарипов Акматтын
жашап жаткан үйүнүн жер аянтын турак жай багытына
которууга макулдук берүү жөнүндө
Арбын айылынын тургуну Шарипов Акматтын туруктуу жашап жаткан үйү союз мезгилинде кампа болуп турган, кийин дыйкан чарбанын үлүшүнө тийген. 788,0 чарчы метр жана 641,0 чарчы метр жер тилкеси турак-жай салуу үчүн дыйкан чарба Шарипов Акматка саткан. Азыркы учурда бул жердин багыты кампа боюнча өзгөрүлбөй калгандыгына байланыштуу, жер участогунун багытын турак жай деп өзгөртүп берүү тууралуу жазган Кеңеш айыл өкмөтүнүн сураныч катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 14-пунктчасына жана шаар куруу жана архитектура департаментинин Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 28-мартындагы №0882 жана №0900 сандуу корутундуларына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1Арбын айылынын тургуну Шарипов Акматтын жеке менчигиндеги жашап жаткан үйүнүн 788,0 чарчы метр жана 641,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын турак жай деп өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2Мыйзамдын негизинде карап, тиешелүү документтерин бүтүрүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы жүктөлсүн.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |