Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз
7-сессиясы
16.06.2025 №7-1 Куу-Майдан айылы
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин
2026- 2027-2028-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-2027-2028-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2026-2027–2028-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин «бюджет, экономика, муниципалдык менчик айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын
3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 78-беренесине ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028-жылдарга айылдык бюджетинин болжолу жактырылсын жана № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолун ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин бюджет,экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Н.Исабаевага тапшырылсын.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |