Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 21-ноябры №11/1
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө сырттан тартылган инвестициялар,Өнүктүрүү фонддоруна өткөрүлгөн долбоорлор жана келерки жылга карата тартылуучу инвестициялар,Өнүктүрүү фонддоруна өторүлүүчү долбоорлор жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча башкы адиси А.Карыбек уулунун жана айыл башчылардын маалыматтарын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы токтом кылат :
1. Инвестиция тартуу,долбоорлорду жазып өткөрүү жана келерки жылга карата пландалган жумуштар боюнча айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча башкы адиси А.Карыбек уулунун жана айыл башчылардын маамыматтары эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүндө инвестиция тартуу,өнүктүрүү фонддорго долбоорлорду жазып өткөрүү боюнча иштерди алып баруу солгундап кеткендиги белгиленсин.
3. Бул боюнча келерки жылга карата айыл аймактагы айылдарда жасалуучу жумуштар аныкталып,өнүктүрүү фонддорго долбоорлорду жазып өткөрүү жана инвестиция тартуу боюнча иштерди алып баруу колго алынсын
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.
5. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |