Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 5-сессиясы
2025-жылдын 15-апрели № 5-01
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2024-жылдан калган калдыкты бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын негизинде, Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2024-жылдан калдык болуп калган 2 940 989 (эки миллион тогуз жүз кырк миң тогуз жүз сексен тогуз) сом акча каражатын бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, айыл элинин жазган сунуштарын жана арыздарын эске алуу менен, алардын сунуштарын канааттандыруу максатында Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2024-жылдын бюджеттик эсебинен калган калдык кирешелери жана чыгашалары 2 940 989 (эки миллион тогуз жүз кырк миң тогуз жүз сексен тогуз) сом өлчөмүндө бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2.Жогорудагы бекитилген акча каражатын максаттуу, өз багытында пайдалануу жагы айыл өкмөттүн башчысы М.Маматовго жана финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Дадабаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| М. Айткулов |