Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 5-сессиясы
2025-жылдын 15-апрели № 5-02
Көк-Бел айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Көк-Бел айыл аймагындагы жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорундагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү тууралуу айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын негизинде Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл аймагындагы жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорундагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жактырылсын.
2.Токтом Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип,
этика, дин иштери, үрп-адаттар, каада-салттар жана үй-бүлөнү коргоо боюнча
туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Айткулов |