Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 6-сессиясы
2025-жылдын 20-июну № 6-01
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2026-жылга долбоору жана 2027-2028-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 194-Б “2026-2028-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү” жөнүндөгү буйругун аткарууга алуу максатында Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан келип түшкөн каржы булактарын эсептөөлөрдүн негизинде даярдалган айыл өкмөттүн бюджетинин 2026-жылга доолбоору жана 2027-2028-жылдарга иштелип чыккан бюджет болжолу жактырылсын (тиркемелер тиркелет).
2.Жактырылган бюджет долбоорунун негизинде иш алып баруу жана бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| М. Айткулов |