Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 6-сессиясы
2025-жылдын 20-июну № 6-02
Көк-Бел айылдык кеңешинин 2025-жылдын № 3-01 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 109- жана 115- беренелеринин негизинде айыл аймакка зарыл болгон иш чараларды чечүү максатында, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.
2.Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттарына 368 400 (үч жүз алтымыш сегиз миң төрт жүз) сом өлчөмүндө өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилсин.
3.Токтомдун аткарылышы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Дадабаевге тапшырылсын.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| М. Айткулов |