Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 6-сессиясы
2025-жылдын 20-июну № 6-03
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 Жарлыгына негиз “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жобосуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министирлигине караштуу Калкты каттоо департаменти менен Көк-Бел айыл өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы №90-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндөгү” нускаманын негизинде түзүлгөн келишимине макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жетекчисинин орун басары- жооптуу катчы А.Сейдалиевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй бүлөөнү коргоо, үрп- адат жана каада-салттар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Айткулов |