Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 6-сессиясы
2025-жылдын 20-июну № 6-04
Беккари чункурун” куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнунун № 377 “Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө” Токтомуна жана Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын ылайык, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды аткарууга алуу максатында Көк-Бел айыл аймагында “Беккари чункурун” курууга жана №822- контурдан 300 кв метр жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовго “Беккари чункурун” курууга ажыратылган жер аянтынын категориясын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык багытын кароо жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Айткулов |