Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 8-сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 8-01
Көк-Бел айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсынан кызматтык унаа алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ”Мыйзамынын негизинде, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсынан кызматтык унаа алууга макулдук берилсин.
2.Кызматтук унаа алууга тиешелүү иш кагаздарын, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсы менен болгон келишим документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдоо жагы айыл өкмөттүн башчысы М. Маматовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ш. Дадабаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Айткулов |