Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VI чакырылышынын) 8-сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 8-02
Көк-Бел айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Көк-Бел айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын Регламентине өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү айылдык кеңештин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ”Мыйзамынын 34-беренесине жана Көк-Бел айылдык кеңешинин Регламентинин 40-бөлүмүнө таянып , Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын Регламентине өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү тартиби бекитилсин.
2.Айылдык кеңеш айыл өкмөт башчысынын кемчиликтерине баа берүү менен биргеликте “Ишенбөөчүлүк” көрсөтөт.
3.“Ишенбөөчүлүк” көрсөтүү үчүн төмөнкү эрежелер сакталууга тийиш:
- Айыл өкмөт башчысынын аткарбаган жумушуна баа берүү менен бирге тиешелүү комитеттин отурумунун протоколун айылдык кеңештин сессиясына чейинки бир жумушчу күнүндө айыл өкмөт башчысына билдирүү;
- Тиешелүү тармактуу комитеттин отурумунун протоколун крутундусун же чечимин жалпы айылдык кеңештин депутаттарына таркатылуусу;
- “Ишенбөөчүлүк” көрсөтүү үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмесинин колдоосунун кем болбоосу;
- “Ишенбөөчүлүк” көрсөтүүгө керектүү же жүйөөлүү себептерди келтирүү;
4.Бекитилген Регламентке ылайык иш алып баруу айылдык кеңештин төрагасына, орун басарына, жооптуу катчысына жана депутаттарына милдеттендирилсин .
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй бүлөөнү коргоо, үрп- адат жана каада-салттар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Айткулов |