Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 9-сессиясы
2025-жылдын 5-сентябры № 9-01
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резерв курамына талапкер сунуштоо жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн эмгек жамаатынын чогулушунун протоколундагы Ноокат аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкердин тизмесин бекитүү тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл өкмөтүнүн эмгек жамаатынын чогулушунун протоколундагы Ноокат аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервине курамына көрсөтүлгөн Жеңишбеков Мунарбек Жеңишбековичтин талапкерлигине макулдук берилсин.
2.Токтом Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип,
этика, дин иштери, үрп-адаттар, каада-салттар жана үй-бүлөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| М. Айткулов |