Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 9-сессиясы
2025-жылдын 5-сентябры № 9-02
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54
Жарлыгынын жана 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194-“Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 Жарлыгынын жана 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 91 сандуу сунуш катына макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашырууну мыйзам чегинде аткаруу Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип, этика, дин иштери, үрп-адаттар, каада-салттар жана үй-бүлөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| М. Айткулов |