Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XX-сессиясынын

 

2023-жылдын 22-августу  № XX-2

Гулистан айыл өкмөтүнүн алдында тузүлгөн “Гулистан булагы” муниципалдык тазалык ишканасынын аймактагы юридикалык жана физикалык жактарга таштандыларды алып чыгуу боюнча көрсөткөн кызматтарынын 2023-жылга тарифтерин бекитип берүү жөнүндө

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Гулистан булагы” муниципалдык тазалык ишканасы 2023-жылдын май айында түзүлгөн. Бул ишкананын негизги аткара турган иши – Гулистан айыл аймагындагы физикалык жана юридикалык жактарга таштандыларды алып чыгуу кызматын көрсөтүү. Аты аталган ишканалардын таштандыларын алып чыгуу боюнча кызматтарынын 2023-жылга түзгөн тарифтерин Гулистан айылдык кеңеши көрүп чыгып,

                                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Гулистан булагы” муниципалдык тазалык ишканасынын таштандыларды алып чыгуу боюнча кызматтарынын 2023-жылдагы тарифтери төмөнкүдөй болуп бекитилсин:

-        Ар бир кожолукка келишимдин негизинде бир айына 200 сомдон;

-        Аймактагы бизнес чөйрөсүндөгү (магазиндер, ашканалар, чайканалар, устаканалар, ж.б.) иш жүргүзүүчүлөргө келишимдин негизинде бир айына иш көлөмүнө карап 300 сомдон 1000 сомго чейин.

2. Гулистан айыл өкмөтүнө:

-        “Гулистан булагы” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жолго салууда көмөк көрсөтүү жана таштандыларды өз убагында ташып чыгууну көзөмөлгө алуу тапшырылсын. 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 У. Мирзакулов