Редакцияот 30.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

    ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XXI -сессиясынын

 

2023-жылдын 30-сентябры  № XXI-1

 

Жергиликтүү курултайларга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү боюнча 

 

        Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Гулистан айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында,  Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1- чечимине негиз, Гулистан айылдык кеңеши

  

Т О К Т О М   К Ы Л А Т : 

1. Гулистан айылдык аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайы Гулистан айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 10:00дө өткөрүлсүн.

2. Гулистан айыл аймагынан Жергиликтүү курултайга айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы 150 болуп бекитилсин (№1-тиркеме тиркелет).

3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин. (№2-тиркеме тиркелет).

4. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (мындан ары – Жумушчу топ) (№3-тиркеме тиркелет).

5. Чогулуштарды жана жыйындарды айылдын чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык, Гулистан айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин. (№4-тиркеме тиркелет).

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулистан айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча”  туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Төрага:

 У. Мирзакулов

Гулистан айылдык кеңешинин  (VII-шайланган) кезексиз

21-сессиясынын № 1 токтомуна № 1 тиркеме

Гулистан айыл аймагынан Жергиликтүү курултайга айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы

№

Айылдардын аталышы

Калктын саны

Делегаттардын нормасы

1

Фрунзе

6820

44

2

Бостон

5245

33

3

Чоң-Кыштоо

301

2

4

Гулистан

6235

40

5

Беш-Коргон

4841

31

 

 

Жалпы саны:

 

23442

 

150

 

Гулистан айылдык кеңешинин катчысы:      кол тамгасы            А. Абдураимов

 

  

Гулистан айылдык кеңешинин  (VII-шайланган) кезексиз

21-сессиясынын № 1 токтомуна № 2 тиркеме

Гулистан айыл аймагындагы айылдарда Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги

№

Айылдардын аталышы

Өткөрүлө турган күнү жана убагы

Өткөрүлө турган орду

1

Фрунзе

17-октябрь 2023-ж. саат 10:00

Гулистан айыл өкмөтүнүн кичи залы

2

Бостон

18-октябрь 2023-ж. саат 10:00

Р. Хужамов атындагы орто мектеби

3

Беш-Коргон

19-октябрь 2023-ж. саат 10:00

“Чили-Сай” орто мектеби

4

Гулистан

20-октябрь 2023-ж. саат 10:00

Гафур Гулям атындагы орто мектеби

5

Чоң-Кыштоо

23-октябрь 2023-ж. саат 10:00

Гулистан айыл өкмөтүнүн кичи залы

 

 

 

Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы:     кол тамгасы            У. Мирзакулов

Гулистан айылдык кеңешинин катчысы:    кол тамгасы             А. Абдураимов

 

 

Гулистан айылдык кеңешинин  (VII-шайланган) кезексиз

21-сессиясынын № 1 токтомуна № 3-тиркеме

 

Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча

жумушчу тобунун курамы

 

1.    Мирзакулов Умаржон – Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы

2.    Абдураимов Абдурахман – Гулистан айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы.

 

Мучөлөрү:

3.    Айбашов Ибрагим – Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.

4.    Юсупов Лазизбек – “Чоң-Кыштоо” айылынын айыл башчысы.

5.    Кутиев Розали – “Беш-Коргон” айылынын айыл башчысы.

6.    Абдурасулов Махамадали – “Гулистан” айылынын айыл башчысы.

7.    Гафаров Шавкат – Гулистан айылдык кеңешинин депутаты.

 

 

 

       Гулистан айылдык кеңешинин катчысы:      кол тамгасы            А. Абдураимов