Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-сентябрындагы № 54-3
“Төрт-Гүл айыл аймагынын карамагындагы (талап кылынбаган жер үлүштөрү) жер участокторун ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобо
"Төрт-Гүл айыл аймагынын карамагындагы (талап кылынбаган жер үлүштөрү) жер участокторун ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун долбоорун угуп жана талкуулап,
Төрт-Гүл айылдык кенеши
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Төрт-Гүл айыл аймагынын карамагындагы талап кылынбаган жер үлүштөрүн ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитсин.
2. Төрт-Гул айыл өкмөтүнүн башчысына Ж.А. Байсульдаев жогорудагы жобону жетекчиликке алып, аткарууга кабыл алсын.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин
2025-жылдын 5-сентябрындагы
№54-3 токтомуна тиркеме
«Төрт-Гүл айыл аймагынын карамагындагы (талап кылынбаган
жер үлүштөрү) жер участокторун ижарага берүү тартиби
жана шарттары жөнүндө»
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана Жарандык кодексине ылайык иштелип чыгып, жер үлүшүн алуу укугу бар жарандар үчүн айыл чарба максатында жерлердин жарамдуулугун сактап калууга багытталган. 1.2. Талап кылынбаган жер үлүштөрүнөн (жайыттардан тышкары айыл чарба багытындагы жерлерден) түзүлгөн, белгиленген адамдардын категориясына бөлүп берүү үчүн Төрт-Гүл айыл аймагына өткөрүлүп берилген жер участоктору. 1.3. Ар кандай себептер менен талап кылынбаган жер үлүштөрү Төрт-Гүл айыл аймагы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына – Төрт-Гүл айыл аймагында жашаган айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жана айыл чарба кооперативдерине ижарага берилет.
2. Жерлерди ижарага берүү тартиби жана шарттары
2.1. Бул жерлерди ижарага берүү максатында Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен турган комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамына Төрт-Гүл айылдык кеңешинин жер комиссиясынын мүчөлөрү да кириши мүмкүн. 2.2. Комиссиянын төрагасы болуп Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы эсептелет. 2.3. Ижарага талап кылынбаган жер үлүштөрүн алууга артыкчылыктуу укук – Төрт-Гүл айыл аймагында катталган жана жашаган жергиликтүү тургундарга берилет. 2.4. Ижара мөөнөттөрү: сугат жерлер – 1 жылга; богара (кургак) жерлер – 2 жылга; мурда пайдаланылбаган жерлер –3 жылга берилет. 2.5. Төрт-Гүл айыл аймагында жайгашпаган айыл чарба кооперативдерине да жерлер 3 жылга чейин ижарага берилет. 2.6. Ижарачы жер участогун пайдаланууга контур боюнча чек белгиленип, жерди ижарага алуу укугу тууралуу келишим түзүлгөндөн кийин гана кирише алат. 2.7. Салык, социалдык төлөмдөр же ижара акысы боюнча карызы бар адамдарга жер бөлүнбөйт. 2.8. Ижара акысы тараптардын келишиминин негизинде аныкталат. 2.9. Жылына 1 гектар жер үчүн минималдуу ижара акы төмөнкүдөй болуп белгиленет: сугат айдоо жери – 1500 сом; богара айдоо жери – 1000 сом; шарттуу сугат жери – 1000 сом. 2.10. Ижара келишими мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда токтотулушу жана жер кайтарылып алынышы мүмкүн: келишимдин шарттары аткарылбаган учурда; жер үлүшүнө укугу бар жарандар тиешелүү (укук тастыктоочу) документтерди Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө тапшырганда. Бул учурда, айыл чарба иштери бүткөндөн кийин, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жазуу талабына ылайык, ижарачы көрсөтүлгөн жер тилкесин бошотууга милдеттүү.
3. Талап кылынбаган жер үлүштөрүнүн натыйжалуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик орган
3.1. Бул жерлердин натыйжалуу пайдаланылышын көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган — Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги болуп саналат. 3.2. Жергиликтүү кеңештердин аткаруу органы талап кылынбаган жер үлүштөрүнүн пайдаланылышы жөнүндө жыл сайын Төрт-Гүл айылдык кеңешине милдеттүү түрдө отчет берет. 3.3. Талап кылынбаган жер үлүштөрүн убактылуу пайдаланууга берүү боюнча жарандык же юридикалык жактардын даттануулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде каралат.