Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры № 26
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-404-беренелерине ылайык, Айдаркен шаарынын аймагында Кз зоналык коэффициентти бекитип берүү жѳнүндѳ
Мамлекеттик салык кызматынын Кадамжай району боюнча башкармалыгынын жана Айдаркен шаардык мэриясынын салык боюнча адистеринин КРнын Салык кодексинин 388-404-беренелери боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып мыйзамдуулук, укук коргоо, регламент, депутаттык мандат, сыйлыктарды берүү жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарынын аймагындагы турак эмес имараттардын, курулмалардын жана жайлардын, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгын эсептөө үчүн Кз зоналык коэффициент №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
3. Токтом 2026-жылдын 1-январынан баштап күчүнө киргизилсин.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
Төрага | А.А. Алтымышова |
Айдаркен шаардык кеңешинин №26-токтомуна №1 тиркеме (1 баракта)
Айдаркен шаарынын аймагындагы мүлк салыгы боюнча имараттардын жана жер тилкелердин салыгын эсептөө үчүн Кз зоналык коэффициенттери
Жооптуу катчы Г.О.Амирбекова
|